Быйыл былтыркыга караганда мал ылаңы аз катталды

Быйы республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик Ветеринардык жана Санитардык инспекция билдирет.
Маалыматка ылайык, 2022 – жылдын 6 айында өлкө аймагы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 97% аткарылды.

Республика аймагында 56 жугуштуу ыландын очогу катталып 2021- жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 пунктка аз катталган.


Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү.
Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.

Related posts

Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты  

admin

Оштун мэри батирлердин ижара акысын негизсиз түрдө жогорулатуунун алдын алууну тапшырды

admin

Уулуу түтүн Нью-Делини каптады. Шаарда мектептер жабылып, жол кыймылы чектелди

admin

Комментарий