2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү маалымдалды

Октябрь айынан бери пенсияны жогорулатууга 3 миллиард 905 миллион сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, келерки жылга 16 миллиард сом каралган. «2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга жогорулатууну пландап жатабыз. Былтыр 8 пайызга көтөрөбүз деп пландашкан, бирок иш жүзүндө 38 пайызга көбөйтүшкөн”, — дейт Соцфонддун төрагасы.

Related posts

Ысык-Көл облусунун айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды

admin

Кытайдагы заводдон чыккан өрт 36 адамдын өмүрүн алды 

admin

ӨКМ дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат

admin

Комментарий