21-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9…-11, күндүз 0…-2 градус суук болот.

Related posts

Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды 

admin

Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды 

admin

Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Комментарий