21-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

Эртең, 21-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Бишкекте 21-ноябрга караган түнү жана күндүн биринчи жарымында жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 суук, күндүз +8…+10 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

admin

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

admin

Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр fest – 2024» фестивалы өтөт

admin

Комментарий