21-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

21-январь, шейшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Талас өрөөнүндө +2…+7, Ысык-Көлдө 0…+5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында 0…-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт.

Related posts

Көргөндүн жүрөгү түшөт! Индияда поезддер кагылышып, 15 киши көз жумду

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

«Пейилиңерден айланам». Бишкектин жолун оңдоп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып барышты

admin

Комментарий