21 жаштагы “Түндүк электрдин” кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды 

“Түндүк электр” ишканасынын кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон.

“Түндүк электрдин” электркуроочусу Аскар Түлөнов иш күнүнөн кийин жолдоштору менен каналдан алыс эмес жерде жүргөн. Ошол маалда алар өспүрүм баланын сууга түшүп кеткенине күбө болушкан. Суунун агымы катуу болгондуктан, суу баланы бат эле алып кеткен. Аскар ошол замат сууга кирип, өспүрүмдү суудан алып чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

Ишканадан белгилешкендей, 21 жаштагы Аскар Түлөнов эки жылдан бери Жайыл РЭТинде электркуроочу болуп эмгектенип келет, сууда сүзүү боюнча спорт чебери.

Related posts

Штефан Таркович: «Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн»

admin

Кадамжайда жайлоого чыккан 3 адам куткаруучу чакырууга аргасыз болушкан

admin

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн поезд менен жүрөт?

admin

Комментарий