23-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20… +25,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +17…+22,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус болот.

Related posts

Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

admin

Бишкекте айдоочу жөө кишини сүзүп кеткен. Ал ошол жерде мүрт кетти 

admin

24 градуска чейин — Кыргызстанда 25-мартка карата аба ырайы

admin

Комментарий