24-25-сентябрда күчтүү магниттик бороон болушу күтүлүүдө

Орус астрономдорунун айтымында, Күндүн активдүүлүгүнүн жогорулашынан улам ушул күздө магниттик бороондордун саны көбөйөт. 24-25-сентябрда күчтүү магниттик бороон болушу күтүлүүдө.

Күн астрономиясы лабораториясы 24-25-сентябрдагы 4 баллга чейинки магниттик бороондор аба ырайына көз каранды адамдарда ыңгайсыздык жаратып, баш ооруларга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

«Күндүн активдүүлүгү системалуу түрдө өсүп жаткандыктан, геомагниттик активдүүлүк дагы жогорулашы мүмкүн»,- деп билдирди Россия Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун профессору Сергей Богачев.

Геомагниттик бороондордун күчүнүн градациясы 1ден 8 баллга чейин аныкталат. Кийинки күчтүү магниттик бороон 29-сентябрда жана 16-октябрда күтүлүүдө.

Related posts

Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты

admin

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу. Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды

admin

Эртең тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

admin

Комментарий