24-майдан тарта өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт

24-майда күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

24-26-май күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.

Related posts

Түрдүү категориядагы Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

admin

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи 

admin

“Мага жин кирип кеткен”. Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескиледи деген шектүү күнөөнү мойнуна алган жок

admin

Комментарий