26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-декабрга караган түнү Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Related posts

19-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнөлүк чемпиондукта Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алды 

admin

Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

admin

Комментарий