26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-октябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.

Related posts

УКМК: УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды

admin

Сынак учурунда акча талап кылгандыгы үчүн ЖОЖдун деканынын орун басары кармалды

admin

Жогорку Кеңештин комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоор каралды

admin

Комментарий