26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн 26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;

Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +24…+26° жылуу болот.

Related posts

Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн жеңил атлетика боюнча Азиянын чемпиону болду

admin

Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

admin

Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

admin

Комментарий