27-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган  аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

Related posts

Бишкекте майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк фестивалы башталды

admin

Желекке өзгөртүү киргизүү боюнча символдун авторлору эмне дешти?

admin

Сузакта ата менен бала иске ууланып, атасы көз жумду

admin

Комментарий