28-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

28-апрелге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +11…+13°, күндүзгү температурасы +29…+31° болот.

Related posts

 Бишкекте Элдик курултай өтөт

admin

Нурланбек Шакиев Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту (сүрөт)

admin

КР УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

admin

Комментарий