28-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -10…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…0, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Related posts

Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду

admin

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

admin

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Комментарий