28-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарында жаан катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Баткенде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17.

Бишкекте эртең кечке жуук бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

Related posts

Ташиев Чүй облусунун тургуну М.Кадыралиевге төрт бөлмөлүү үй тапшырды

admin

Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

admin

УКМКнын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

admin

Комментарий