3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

admin

Бишкекте апасы 20 жаштагы Диана Токтогулованы издеп жатат

admin

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

admin

Комментарий