3 шайлоо округу боюнча шайлоого 16 ЖМК жана 3 интернет-басылма аккредитациядан өттү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алдыдагы №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 16 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана 3 интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Документтерди кабыл алуу мезгилинде бардыгы болуп 16 ЖМК жана 3 интернет-басылма аккредитацияга арыз берген:

басма басылмалары – 4

онлайн басылмалар – 3

радио – 5

телекѳрсѳтүү – 7

Эске сала кетсек, мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын ѳз эркин аң-сезимдүү жана эркин түрдѳ билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Телекөрсөтүү же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо күнүнө чейин 6 ай калганда алынган баадан ашпоого тийиш.

Президенттин жарлыгы менен 28-апрелде үч бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо дайындалган.

Related posts

Tunduk тиркемесинде жаңы санарип кызматтар ишке кирди

admin

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн 

admin

Төрөбаев кагаз продукциясын чыгарган “Ак кайың” фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

Комментарий