30-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

30-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус болот.

Related posts

Трамп Зеленский кен байлыктар боюнча келишимден баш тартып жатканын айтты

admin

АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту

admin

Бишкекте фейерверк аттырууга 800 миң сомдой сарпталганы жатат 

admin

Комментарий