30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.

Related posts

Азамат Абсаттаров: “Молдо Нияздын тарыхый мектеп-үңкүрү кооз жайга айланат”

admin

Бишкекте окуучулар орус элдик ырларын аткарып, жарышты. Сүрөт

admin

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан жабыркагандар бүгүн Анталиядан Бишкекке учуп келишет

admin

Комментарий