30-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрга караган түнү Талас облусунун аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн жана күндүз +5…+10 градус жылуу,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Related posts

Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

admin

Ошто көмүрдүн  тоннасы 7,5 миң сомго чейин сатылууда

admin

БШК Ленин районундагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Кубанычбек Самаков депутат болду

admin

Комментарий