«30 жашында мечит курган». Арстан Алайдын кызы атасын эскерди

Абакта асынган абалда табылган Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасын эскерди.

«Атам тууралуу айта турган болсом кайтпас мүнөз, өжөр, эмгекчил, акылман, кыраакы, чынчыл, сөзгө чечен, баарына бирдей караган адам болгон. Тынбай талыкпай күн-түн дебей эмгектенген, өз киндигин өзү кескен деп айтышат. Атамды 4 жашында таежеси багып алган, бирок атам кийин тууган жана баккан тарапты тең бирдей алып кетти. Өтө зээндүү болгон. Айылына 30 жаш курагында мечит салган, чоң атамды ажылыкка жөнөткөн. Чон атама, таятама там куруп берген. (Азыр биз 30 жашта тооккана куралбай жүрөбүз.)

Армияда кызмат өтөп, взводдун командиринин орун басары болгон, жакшы служба кылган үчүн 2 ай эрте келген армиядан. Райподо автолавка айдаган, кийин склад башчысы болуп эмгектенген.Атам жаштайынан эч тартынбай маңдай тер менен манты түйүп сатып, балмуздак сатып, таксист болуп иштеген. Кыргыз-кытай чек арасында вагон коюшуп апам экөө ашкана иштетишчү. Тамак, жарма, дары-дармек сатып кийин тери, темир чогултуп иштеген. Ошентип өжөрлүгү менен ушул денгээлге жеткен.

Атам өтө кичи пейил, адамгерчиликтүү, каалаган компаниянын көркүн ачып, шаңга бөлөп, меймандарды ырдатып, бийлетип, жакшы сөзүн аябай элди күлдүрүп, «от алдырып кетчү». Колунан келген жардамын аячу эмес. Үйдөн чыкканда жолдон жөө адам чыгып калса, сөзсүз түрдө аялдамага чейин сала кетчү. 

Кылган кайрымдуулук иштерин жарыялачу эмес, карылар жана балдар үйүнө эч кимге айтпай барчубуз.. Бирок эскерүү болуп жаткандыктан элге айтууга туура келип жатат, Атам өзү туулуп-өскөн айылдагы бала бакчага жылуулук системасын орнотуп берген; Мектептин ремонтун толук жасатты: терезе, эшик, пол толугу менен алмаштырылды; Мал-жан аралабасын деп мүрзөнүн тегерегин темир тосмо менен тосуп берди; Суу чыгарды; Балдар аянтчасын куруп берди; Ошол илгери салынган мечиттин ондоо-түзөө иштерин өткөрдү; Коншу айылга техника алганга жардам берди. Андан сырткары 2010-жылы кредит маселесин көтөрүп чыккан, үйүн алдырып жибербесин деп көп адамдын банктагы кредитин төгүп, жардам берген»,- деп жазды ал.

Related posts

Бала бакчалардагы тамак-аш эми ата-энелердин акчасынан берилет

admin

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана ата-эне болушту

admin

Депутаттардан акча опузалоого шектелип «Мир24.kg» порталынын директору кармалды

admin

Комментарий