31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.

Related posts

Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты

admin

Чүйдө бир жумада 4239 жолу жол эрежелери бузулган

admin

“Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17 пайыз акциясы мамлекетке өттү

admin

Комментарий