27-ноябрда республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 12…17, Талас жеринде 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 13…18, Ысык-Көлдө 4…9, Нарын чөлкөмүндө 1…6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 14…16, Ош шаарында 15…17 градусту көрсөтөт.