КР УКМК Бишкек шаардык ИИББ МККБ коррупциялык схемасы аныкталып бөгөт коюлду

   КР УКМК тарабынан Республикадагы укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаардык ИИББ МККБ коррупциялык схемасы аныкталды.
   Бишкек шаардык ИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу максатында, автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан.
   Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн, жол кырсыктардын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.
   2025-жылдын 14-январында аталган иштин алкагында, КР ИИМ ИИК менен биргеликте Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаардык ИИББ МККБ инспекторлору: Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалышты.
   Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
   Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш жүргүзүүнү улантып, коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылгандыгын эскертет.
   Эскерте кетсек, 2024-жылдын 31-декабрында КР Президенти Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Аталган  мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.    
       Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган. 

Related posts

Айсулуу Мамашова депутаттыкка келди

admin

Өткөн жылы скутер катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаган

admin

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий