КР УКМК: Кум-шагыл аралашмасын чыгарган ондон ашык карьерлер мамлекеттин балансына кайтарылды
Кум-шагыл аралашмасынан жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу укугуна лицензияларды жана күбөлүктөрдү берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле лицензияларды берүүнүн үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү тартипке келтирүү жана системалаштыруу максатында КР УКМК тарабынан лицензиялык шарттардын талаптарын бузуу жолу менен жана казуунун көлөмү жөнүндө мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү жолу менен пайдалуу заттарды казып алууда, республикалык бюджетке зыян алып келген одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
Алсак, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагындагы кум-шагыл казуучу ондон ашык карьер мамлекеттик баланска кайтарылган. Белгилей кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар карьерлердин иши жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдарын көп сандаган бузуулар менен коштолгондугу аныкталган.
Атап айтканда:
- көзөмөл органдарына белгиленген тартипте отчеттор берилген эмес;
- пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө так маалыматтар болгон эмес;
- жаратылыш объекттеринин жана реликттик аймактардын бузулушуна алып келүүчү чек аранын бекитилген участокторунун чегинен өз эркинче чыгып кетүү учурлары катталган;
- казып алуунун реалдуу көлөмүн жашыруу жана салыктарды төлөөдөн качуу максатында салык органдарына берилген отчеттук маалыматтар бурмаланган.
Азыркы учурда КР УКМК жаратылыш ресурстарын казып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамга каршы схемаларды жоюу боюнча аракеттерди ишке ашырууну жана атайын багыттагы системалуу иштерди улантууда.
Бул иш-чаралар коррупциялык тобокелдиктерди четтетүүгө, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылууга, ошондой эле лицензияларды жана күбөлүктөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алууга багытталган.







