4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Related posts

ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

admin

Камчыбек Ташиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

admin

Суусуз жашоо болбойт. Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн биргелешип иштөөгө чакырды

admin

Комментарий