6-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Related posts

Чүйдө унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду

admin

Таркович: «Бул команда 2-3 жылдан кийин ийгиликке жетет»

admin

Бишкекте кызды сүзүп кеткен айдоочу 1 айдан кийин кармалды

admin

Комментарий