Бүгүн күн ачык болот, бирок күндүз шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27 градус, Талас аймагында +19…+24, Ысык-Көл менен Нарында +16…+21 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +22…+24 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.