7-февралдан тарта Бишкектеги бардык мектеп жана бала бакчалар кайрадан офлайнга өтөт.
Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу бардык муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуу 7-февралдан тартып билим берүү процесси мурдагыдай режиминде улантылат.
Буга чейин ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан баштап 6-февралга чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайнга которулган.