7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-февралга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, кечке жуук Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +10…+12 болушу күтүлөт.

Related posts

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

Шылуундар эми Бишкек мэриясынын атынан чалып жатышат

admin

Комментарий