7-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында жаан жаабайт, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5… +10, Талас жергесинде +7… +9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +7… +12 градус, Ысык-Көлдө +3… +8, Нарын облусунда +2… +7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +7… +9 градусту түзөт.

Related posts

Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

admin

Казакстанда адамдар менен чуңкурга кирип кеткен автобусту издөө токтотулду

admin

УКМК: Шопоков шаарынын мэри коррупция боюнча кармалды

admin

Комментарий