8-9-декабрда күн сууктап, кар жаайт

8-9-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет билдиргендей, айрым райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° чейин.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°.

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°.

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° чейин.

Related posts

What You May Have Missed at the Alley 33 Fashion Event

admin

Бишкек ЖЭБдеги авария учуру түшүп калган видео тарады

admin

Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков табылды

admin

Комментарий