8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

SuperTV телеканалына Бишкек шаарынын четиндеги конуштардын биринде шарты жок, дубалдарынан ным тарткан 1 бөлмөлүү батирде удаа төрөлгөн 8 баласы менен күн кечирген Миргүл Кимболотова кайрылды. Ал эки жолу турмушка чыгып, эки турмушу тең жолдуу болбогонун жана 8 баланы тарбиялоонун түйшүгүн айтып, тагдырын баяндап берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0551 70 20 14.

Анын айтымында, атасынын сабалып өлтүрүлүшүнө анын жолдошун күнөөлөшүп, камалып кеткен. 5 айдан соң, акталып кайтып келген. «Күйөөм чыкканда эле айылга жашаганы кеттик. Иш ошентип жабылып калды. Айылда 3 ай жашадык. Бирок туугандарымдын «атаңды күйөөң өлтүрдү» деген сөзү калбады, күйөөмдүн «сенин туугандарың каматты» деген сөздөрү калбады. Көп уруш болуп, сый кетти. Анан Москвага кетип, келбей жатат. Ортодо кыйналдым. Бирок жашап жүрө берип, көп уруштук»,- деди келин.

Булак:Сереп

Related posts

Индияда өткөн аскердик парад көпчүлүктү таң калдырды (видео)

admin

Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Цзинань шаарына келди

admin

Орусияда кыргызстандык жол кырсыкта каза болгон. ТИМ маалымат берди

admin

Комментарий