8-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнү жана эртең менен өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +0…+5.

Бишкек шаарында 8-декабрга караган түнү жана күндүз жаан-чачын болбойт, кечке маал жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

admin

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Бишкекте «Мыкты айдоочу» сынагы өттү. Аны ким жеңди?

admin

Комментарий