8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.

Related posts

Өзгөндө 1 гектардан ашык жер мэриянын балансына кайтарылды

admin

Болгону 27 жашта эле. Жаш ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

admin

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

admin

Комментарий