80дей уюлдук телефон табылып алынды. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектүү кармалды

14-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына К.Н. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда 13-февраль күнү Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук автоунаанын ичинен сырткы кийиминин чөнтөгүнөн баасы 22 миң сомду түзгөн «Redmi11» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, мурда бир нече жолу соттолгон 2000-жылы туулган Э.А. аныкталып кармалган. Аны менен бирге сатууга көздөгөн 3 уюлдук телефону табылып алынган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан сырткары, тинтүү учурунда Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринин жер төлөсүндөгү соода сатык жайынан 76 уюлдук телефон табылып алынган. Азыркы учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендин аныкталууда.

Кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар же алар жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү көрсөтүлгөн байланыш телефондоруна кайрылсаңыз болот: 0(706) 102-102 же 102 кыска номери.

Related posts

«2019-жылы асырап алынган». Эмгек министрлиги байланган абалда табылган кыз боюнча үн катты

admin

КР УКМК: Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

admin

27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий