9-10-сентябрда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү жарык, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Related posts

Бишкекте “Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды

admin

«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутат ЖЭБдеги жарылууга саясий баа берилиши керектигин айтты

admin

Президент Садыр Жапаровдун Карылар күнүнө карата куттуктоосу

admin

Комментарий