Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

Депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылды. Ал сабоого айыпталууда. Бул тууралуу кечээ, 12-мартта Октябрь райондук милициясынан билдиришкенин Акипресс жазды.

Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.

Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.

Буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.

https://youtu.be/_QsWGn4yAyQ

Related posts

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт 

admin

Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

admin

Н.Шакиев баштаган депутаттар Кореяга барат

admin

Комментарий