Улуттук банктын төрагасынын мурдагы 2 орун басары менен башкармалыктын мурдагы 2 мүчөсү кармалды 

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 миллиард сомго Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКтын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн, ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

«Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы 2 орун басары жана ошондой эле башкармалыктын мурдагы 2 мүчөсү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кыргыз кыздын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды

admin

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолукту

admin

Республика боюнча 614 миң га кунарсыз жайыт жерлерин өздөштүрүү зарыл

admin

Комментарий