Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировсабаган жаран тосмо арызын жазып, жарашыптыр. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу журналисттерге билдирди.

«Мен бүгүн уктум, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, жарашышыптыр. Жарашкан нерсени козгоонун кереги жок», — деди ал.

  • Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
  • Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
  • 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалган.
  • Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган.

Related posts

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

Быйыл балдын сатып алуу баалары жогорулап кеткенден улам экспортко чыгаруу татаалдашкан

admin

Депутат Калпаев: «Бул 25 жылдык Баткен үчүн жеңил болгон жок»

admin

Комментарий