Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганменен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Эрдоган Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди. Түркиянын президентиСадыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет.
Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон Режеп Тайып Эрдоганэки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлган.
Мамлекет башчысы боордош түрк эли менен бирге чын дилден аза күтүп, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларын белгиледи. Садыр Жапаров Түркия табигый кырсыктын кесепеттеринен тез арада калыбына келип, бул оор сыноодон татыктуу чыгарына ишеним билдирди. Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады. Мындан тышкары, Садыр ЖапаровЭкономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.