Тоолуу райондордо кар жаайт. 18-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

18-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +4…+9,

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +1…+3, күндүзгү жогорку температурасы +6…+8 градус болот.

Related posts

Сириядагы лагерлерде кармалган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтарылат

admin

Орус парламенти Өзөктүк сыноого тыюу салган келишимди жокко чыгарууну колдоду

admin

Өлкөдө 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат 

admin

Комментарий