Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу мусулман агайындар!

Ыйык Орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын!

Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу бийик сапаттарды көрсөткөн өзгөчө ай.

Мындай берекелүү айдын келиши менен баарыбыз дилибизди тазартып, ысырапчылыктан сактанып, башкаларга кол сунуп, кайгысына, кубанычына да ортоктош боло билүүгө умтулалы.

Үй-бүлөдөгү, коомдогу жана мамлекеттеги ийгиликтердин башаты ынтымакта экенин эстен чыгарбайлы! Бири-бирибизге болгон ишенимибизди чыңдап, мамилебизди бекемдөө менен мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн талбай мээнет кылышыбыз кажет.

“Отуз күндүк орозо – ой тазартаар жол ошо” деген накыл кеп сыңары, Орозо айында жалаң жакшылык тилеп, жамы журт менен карым-катыш, алакабызды арттырып, Кыргызстанда адал ишти сүйгөн, ак кызмат кылган акыйкат, калыс, эмгекчил коомду курууга кам көрөлү.

Жапа тырмак жан үрөп, биримдиктүү иш-аракетибиз менен өлкөбүздү бейкапар жашоо шарттары түзүлгөн жайлуу, жагымдуу өлкөгө айландырарыбызга бекем ишенем!

Жараткан муктаждарга жакындан жардам берип, жакшы иштер менен сооп табууну баарыбызга насип кылсын. Отуз күн тута турган орозобузду, бата-тилектерибизди кабыл кылсын.

Орозо айыңыздар куттуу болсун! Жараткан Кыргызстаныбызды айтпай келген бөөдө кырсыктардан сактасын!”.

Related posts

КР УКМК: «Бишкек Башкыархитектура» жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик картографиянын кызмат адамдарынан пара талап кылуу фактысы боюнча

admin

Баткендеги куткаруучу Тажикстандын кол салуусу тууралуу: «Эң оору каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу болду»

admin

Абдиль Сегизбаевдин адвокаты: “Ырыс Жекшеналиев эски видеону бурмалап, монтаждап тараткан”

admin

Комментарий