Мурдагы депутат Жаныбек Абировдун иши боюнча тосмо арыз жазылганы маалым болду 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча тосмо арыз түшкөнүн бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди. 

Бирок ал кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынарын белгиледи.

  • Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
  • Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз  коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
  • 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалды.
  • Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы маалымдалган.
  • 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып берген.

Related posts

Нурлан Мотуев кармалды

admin

Кыргызстанда”Kunan Taitoru” аталышындагы алгачкы спорттук унаа чыгарылды  

admin

Абактагы Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызын УКМК да иликтеп жатат

admin

Комментарий