Жаан жаайт. 6-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…+15° жылуу болот.

Related posts

87 млрд. сом салынат. «Аккула» ат майданынын жери жеке колго өткөрүлдү

admin

Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыкканы айтылды

admin

Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген

admin

Комментарий