Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканына 10 күн болду 

Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм 10 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

31-март күнү Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ, 10-аперлде издөө иштерин улантуу максатында 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес.

Related posts

Бишкекте 8 мектеп онлайн окутууга өттү

admin

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 15 документ кабыл алынды  

admin

Өзгөндө сел жүрүп, Кара-Шорого барган 100 эс алуучу эвакуацияланды

admin

Комментарий