Депутат өлкөдөгү зоопарк, цирктерди жабууну сунуштады 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдөгү зоопарк, цирктерди жабууну жана цирктеги оюн-зоокко жаныбарларды пайдаланууга тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, кармалып турган жаныбарлар кордолуп, боор ачый турган абалга кептелүүдө.

«Мына Каракол жана Ош шаарларындагы зоопарктардагы жаныбарларды көрүп жатабыз. Жүдөп, кыйналып, абалы жан кейитерлик. Жылына бир миллион сомдон бөлүнөт экен, ал бакканга жетпейт. Циркте дагы ушундай эле болуп жатат. Андыктан зоопарк менен цирктерди жабышыбыз керек. Жандыктар ээн-эркин жүрсүн, коруктарга алып барып коё берели. Жаныбарларга боштондук!» — деди Акаев.

Депутат жаныбарларга гумандуу мамиле кылуу үчүн ушул сыяктуу жайлар 40 өлкөдө жабылганын кошумчалады.

Related posts

1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

admin

КР УКМК: Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды

admin

Комментарий