Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды 

Сосновка постунда бүгүн, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта жолчулар жана жерине тартылган атайын техникалар жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган.

Related posts

Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө

admin

УКМК: Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды

admin

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий