19-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус болот.

Related posts

Өзбекстанда дары ичкенден кийин каза болгон балдар. Айыпталуучулар 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

admin

Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

admin

«Рух ордодо» курулуп жаткан комуз сымал пирстин көрүнүшү. Фото

admin

Комментарий